К.Токаев Ички иштер министри Марат Ахметжановду кабыл алды

К.Токаев Ички иштер министри Марат Ахметжановду кабыл алды

Казакстанда «Адам сатууга каршы аракеттенүү жөнүндө» мыйзам иштелип жатат. Бул тууралуу ички иштер министри Касым-Жомарт Токаевдин кабыл алуусунда билдирди. Мамлекет башчысына кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча комплекстүү иш-чараларды иштеп чыгуу, атап айтканда, үй-бүлөлүк зомбулук үчүн жоопкерчиликти күчөтүү тууралуу маалымат берилди. Марат Ахметжанов уюшкан кылмыштуулуктун себептери жана каржылоо булактарын жоюуга токтолуп, аларга каршы күрөшүү ыкмаларынын өзгөргөнү тууралуу баяндады. Жолугушуунун соңунда мамлекет башчысы өлкөдөгү жарандардын коопсуздугун жана укуктук тартипти камсыздоого багытталган бир катар конкреттүү тапшырмаларды берди.
Которгон: Илгиз Жамалбеков