Казакстан менен Италия кызматташтыкты арттырат

Казакстан менен Италия кызматташтыкты арттырат

Казакстан Италиянын Борбор Азиядагы алдыңкы өнөктөшү. Ал эми Италия өлкөнүн үч соода өнөктөшүнүн катарына кирет жана эң ири инвесторлордун бири. Өткөн жылы мамлекеттер ортосундагы соода алмашуу 24 пайызга өсүп, 20 миллиард долларга жеткен. Президент Касым-Жомарт Токаев Казакстанга расмий сапар менен келген Италиянын премьер-министри Джорджа Мелони менен кызматташуунун келечегин талкуулады.

Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын президенти:

- Сизди Казакстанда тосуп алуу биз үчүн чоң сыймык. Италия-Казакстандын Европадагы алдыңкы соода өнөктөштөрүнүн бири. Кечээ-бүгүн Астанада италиялык бизнестин көптөгөн өкүлдөрүнүн катышуусунда бизнес-форум өттү. Биз эки өлкөнүн ортосундагы бизнес байланыштарды өнүктүрүүгө кошкон салымыңызды жогору баалайбыз.

Джорджа Мелони, Италиянын Премьер-министри:

- Сиздердин өлкөгө биринчи жолу келип жатам. Абдан кубанычтамын. Өзүңүз айткандай, эки өлкөнүн мамилеси абдан жакшы. Бирок, мындан да жогорку натыйжаларга жетүү үчүн ар дайым мүмкүнчүлүк бар. Биз Казакстанды Италиянын, ошондой эле Европанын маанилүү өнөктөшү катары карайбыз. Ошондой эле азыркы учурда Борбордук Азия аймагы стратегиялык мааниге ээ болду. Сизге мамлекет башчыларынын деңгээлинде алгачкы «Борбор Азия-Италия» саммитин уюштурганыңыз үчүн ыраазычылык билдирем.

Касым-Жомарт Токаев менен Джорджа Мелони Астана эл аралык форумунун атайын сессиясына катышты. Италия Премьер-министри Борбор Азия менен кызматташуунун жаңы мүмкүнчүлүктөрү жана мааниси тууралуу сөз сүйлөдү. Андан соң Акордада Италия Министрлер кеңешинин төрайымы Джорджа Мелонини салтанаттуу тосуп алуу аземи өттү. Эки тарап  бири-бирине расмий делегациянын мүчөлөрүн тааныштырышты. Андан кийин тараптар сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Өз кезегинде Джорджа Мелонини бул сапар Казакстан менен Италиянын мамилелерин жандандырууга өбөлгө түзөрүн белгиледи. Бекем экономикалык кызматташтык жана маданий-гуманитардык байланыштар кеңейтилген курамдагы сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө талкууланды. Жыйынга эки өлкөнүн делегациялары катышты. Акыркы жыйырма жылда Италия Казакстандын экономикасына 7,6 миллиард долларга жакын инвестиция салган. Ошондой эле, өлкөдө 270ке жакын италиялык компаниялар ийгиликтүү иштеп жатышат. Президент мамлекеттер ортосундагы тыгыз саясий диалогду белгиледи.

Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын президенти:

- Сиздин жетекчилигиңиз астында Италия Өкмөтүнүн Казакстан менен ортодогу тыгыз мамилелерди соода жана инвестиция чөйрөсүндө гана эмес, парламенттер аралык интеграция багытында да өнүктүрүүгө болгон умтулуусун жогору баалайбыз. Ошондой эле эки тараптуу гуманитардык интеграция үчүн чын жүрөктөн ыраазычылык билдиребиз. Сиздин визитиңиз эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыкка жаңы дем берүү жагынан чоң мааниге ээ. Эл аралык аренада Казакстан менен Италиянын байланышы ишенимдүү жана стратегиялык өнөктөш катары уланат деп ишенем.

Джорджа Мелони, Италиянын Премьер-министри:

- Сизди көрөгөч лидерлердин бири деп эсептейм. Учурдагы кыйынчылыктарды терең түшүнгөн адам менен сүйлөшүү мен үчүн абдан баалуу. Ушундай оор мезгилде жакшы жаңылыктар дагы бар. Алардын бири-Италия менен Казакстандын ортосундагы мамиле. Биздин байланыш деңгээлибиз жогору. Биз муну буга чейин бир нече жолу белгилегенбиз. Ага карабастан, кызматташтыкты мындан ары бекемдөө үчүн жетиштүү мүмкүнчүлүктөр бар. Бул менин сапарымдын максаты. Сиздердин өлкөнүн Батыш менен Чыгышты байланыштырып жаткан алтын көпүрө катары тарыхый маанисин жакшы билебиз.

Казакстан Президенти менен Италиянын премьер-министри сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында стратегиялык өнөктөштүктү кеңейтүү боюнча биргелешкен билдирүү кабыл алышты. Сапардын алкагында 8 документке кол коюлду.

Которгон: Илгиз Жамалбеков