Казакстан Ооганстандын коопсуздугун жана туруктуулугун камсыз кылуу үчүн гуманитардык жана билим берүү демилгелерин улантат. Бул тууралуу Мамлекет башчысынын Ооганстан боюнча Президенттин атайын өкүлү Еркин Тукумов менен болгон жолугушуусунда белгилүү болду. Касым-Жомарт Токаев атайын өкүлдүн өзгөчө ролун белгилеп, биринчи кезекте соода-экономикалык жана гуманитардык тармактарда Ооганстан менен өз ара аракеттенүүнү натыйжалуу курууга көмөктөшүүнү тапшырды. Президент Алматыдагы Борбордук Азия жана Ооганстан үчүн Бириккен Улуттар Уюмунун Туруктуу өнүгүү максаттары боюнча аймактык борборунун мүмкүнчүлүктөрүн активдүү пайдалануунун маанилүүлүгүн баса белгиледи.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

