Парламент Мажилиси Кытай менен ТМУ келишимин ратификациялады

Парламент Мажилиси Кытай менен ТМУ келишимин ратификациялады

Кытайлык инвесторлор Казакстанда 2 шамал жана 1 күн электр станциясын курууга ниеттенүүдө. Алардын жалпы кубаттуулугу 1,8 ГВт түзөт. Мажилис эки өлкөнүн өкмөттөрүнүн ортосундагы тиешелүү келишимди кабыл алды. Аталган документ «жашыл» энергетика тармагындагы эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө, ошондой эле кубат өндүрүү жана топтоонун заманбап технологияларын киргизүүгө багытталган.

Ерлан Аккенженов, Казакстан Республикасынын Энергетика министри:


- Долбоорлорду ишке ашырууга салына турган инвестициялардын жалпы көлөмү 2,2 млрд АКШ долларын түзөт. Каржылоо эл аралык каржы уюму банктарынын катышуусу менен ишке ашырылат. Бул инвесторлордун Казакстан Республикасынын энергетика тармагына болгон жогорку ишенимин көрсөтөт.


Түрк мамлекеттери өзгөчө кырдаалдар менен бирге күрөшүүгө ниеттенүүдө. Мажилис Жарандык коргоо механизмин түзүү тууралуу келишимди ратификациялады. Документ алкагында өзгөчө кырдаалдарды башкаруу тармагынын адистерин даярдоонун бирдиктүү стандарттары иштелип чыгып, окуу программалары түзүлөт. Келишимди ишке ашыруу үчүн өзгөчө кырдаалдарды башкарууга жооптуу Министрлер кеңеши жана Түрк мамлекеттери уюмунун Жарандык коргоо механизминин катчылыгы түзүлөт.


Кеген Турсынбаев, Казакстан Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар вице-министри:


- Катчылыктын штаб-квартирасы Стамбул шаарында жайгашат. Ал министрлер кеңеши үч жылдык мөөнөткө дайындаган башкы катчынын көзөмөлүндө болот. Аны түзүүгө түрк тарап каржылык колдоо көрсөтөт. Министрлер кеңешин түрк мамлекеттери уюмуна төрагалык кыла турган мамлекеттик өзгөчө кырдаалдар мекемесинин башчысы башкарат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков