Мамлекет башчысы UEFA президентин кабыл алды

Мамлекет башчысы UEFA президентин кабыл алды

Мамлекет башчысы UEFA президенти Александер Чеферинди кабыл алды. Касым-Жомарт Токаев футбол ассоциацияларынын Европа Биримдигинин өлкөгө көрсөткөн колдоосун жогору баалады. Азыр 1 миллиондон ашык мекендештер футбол менен машыгат. Президент уюм менен билим берүүдөгү жана тажрыйба алмашуудагы интеграцияга колдоо билдирди. Бул жаш оюнчулардын профессионалдык деңгээлин жогорулатууну камтыйт. Мамлекет башчысы Казакстандын футбол федерациясы менен тыгыз байланышта экенин белгиледи. Жолугушуунун соңунда Касым-Жомарт Токаев Александер Чеферинди атамекендик спортту өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн  II даражадагы «Достук» ордени менен сыйлады. 

Которгон: Илгиз Жамалбеков