Астанада Казакстан-Хорватия бизнес-форуму өттү

Астанада Казакстан-Хорватия бизнес-форуму өттү

Европалык ишкерлер Казакстан менен мамилелерди кеңейтүүгө кызыкдар. Анткени өлкөдө тартымдуу бизнес-климат түзүлгөн жана керектүү ресурс бар. Астанада Казакстан-Хорватия бизнес форуму өттү. Масштабдуу жыйынга Борбордук Европадан 20дан ашык бизнес өкүлдөрү катышты. Алар айыл чарба, каржы, туризм, курулуш, фармацевтика жана билим берүү тармагынын лидерлери. Эки мамлекеттин тең дарамети чоң. 2024-жылы Казакстан менен Хорватия ортосундагы товар жүгүртүүнүн көлөмү 280 миллион доллардан ашкан. Анын 253 миллиону казакстандык экспорттун үлүшүндө. Ийгиликке жетүү үчүн бардык мүмкүнчүлүктөр бар. Хорватия Балкан жарым аралындагы өлкө үчүн маанилүү өнөктөш мамлекет. Казакстан бул рынокко мунай жана мунай заттарын жеткирүүдө. Эми энергетикадагы тилектештиктин келечеги чоң.

Хрвоже Йеней, Хорватия бизнес-делегациясынын мүчөсү:

- Биздин компания мунай- газ тармагына, анын ичинде чалгындоо жана өндүрүүгө керектүү химиялык өнүмдөр менен алектенет. Бул биз үчүн байланыш түзүү жана рынокту изилдөө үчүн чоң мүмкүнчүлүк. Дарамет чоң. Биз кызыкдар ишкерлер менен кызматташып, өзүбүздү жергиликтүү компанияларга жана өндүрүүчүлөргө керектүү кызмат көрсөтүүчү катары көрсөткүбүз келет.

Алибек Куантыров, Тышкы иштер министринин орун басары:

- Энергетика жана транспорт тармагындагы эки тараптуу тилектештик маселелери каралды. Хорватия тарап казакстандык мунай жана мунай өнүмдөрүнө кызыкдар. Бул базар мунай, газ жана башка өнүмдөрдү экспорттоодо кыйла натыйжалуу болот. Ошентип, бул багытта биздин дараметибиз дагы да жакшырат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков