“Биз Уюмдун дүйнө калкынын ден соолугун чыңдоо боюнча талыкпаган эмгегин кубаттайбыз. Казакстан саламаттык сактоо тармагынын бардыгына жеткиликтүүлүгүн жана адилеттүүлүгүн толугу менен колдойт», — деп жазды мамлекет башчысы Twitter баракчасына. Белгилей кетсек, бүгүн Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун мааракесине жана ден соолук күнүнө карата дүйнө өлкөлөрүндө адамдардын ден соолугун чыңдоо максатында түрдүү иш-чаралар мерчемделген. Маселен, борбордо кыска аралыкка чуркоо акциясы өттү.
Которгон: Илгиз Жамалбеков