Казакстан менен Евробиримдик дароо эки келишимге кол
коюшту. Алардын бири-маанилүү чийки заттар боюнча 3 миллион евролук келишим.
Документ экономика жана өнөр жай үчүн стратегиялык мааниге ээ болгон жаратылыш
ресурстары жаатындагы биргелешкен долбоорлорду жакшыртат. Алар жаңы
технологияларды, энергетиканы жана башка тармактарды өндүрүү үчүн зарыл.
Экинчиси-Европа инвестициялык банкы менен Казакстандын өнүктүрүү банкынын
ортосундагы 200 миллион евролук алкактык насыялык макулдашуу. Каражаттарды
транспорт чөйрөсүн жана кайра жанма энергия булактарын өнүктүрүүгө жумшоо
көздөлүүдө.
Йозеф Сикела, Европанын эл аралык өнөктөштүк боюнча
комиссары:
- Транскаспий транспорт коридору Европа Союзу Global Gateway стратегиясынын негизги компоненттеринин бири болуп саналат. Анткени Азияны Европа менен байланыштырган багыт ийгиликтүү ишке кирсе, анда товарларды ташуу 15 күн же андан аз убакытты алат, бул аймактагы соода жана экономикалык ишмердүүлүктү стимулдаштыруу үчүн чыныгы бурулуш болот. Европа инвестициялык банкы менен Казакстандын өнүктүрүү Банкынын ортосунда кол коюлган 200 миллион евро насыялык желе негизинен транспорт тармагын колдоого багытталган.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

