Астанада орто державалардын дарамети тууралуу эл аралык форум өтөт

Казакстандын борбору орто державалардын дарамети тууралуу талкууларды глобалдык деңгээлге чыгарган уникалдуу аянтча болот. Борбор калаада бул аптада биринчи жолу Astana Think Tank Forum, башкача айтканда, тышкы саясат жыйыны өтөт. Форум орто державалардын глобалдык бириктиргич катары ролуна көңүл бурууга арналат. Анын темасы «өзгөрүп жаткан дүйнөлүк тартиптеги орто державалар: коопсуздук менен тынчтык жана туруктуу өнүгүүнү бекемдөө». Иш-чарага алдыңкы тышкы саясий аналитикалык борборлордун жетекчилери, изилдөөчүлөр, кеңешчилер, дипломаттар чакырылды. 20дан ашуун мамлекеттин серепчилери чогулуп, орто державалардын стратегиялык жана дипломатиялык ролун талкуулашат деп күтүлүүдө. Программа беш теманы камтыйт: тышкы саясат, экономикалык таасир, коопсуздук динамикасы, көп тараптуу жана глобалдык институттар ошондой эле жаңы чакырыктар. Форумдун алкагында тараптар бир катар документтерге кол коюшат.

Айдар Курмашев, Президент алдындагы КСИИ Азиялык изилдөөлөр бөлүмүнүн башчысы:

- Мисалы, Казакстандын стратегиялык изилдөөлөр институту (Foreign Policy Community Indonesia) борбору менен меморандумга кол коет. Бул байланыштын алкагында биз Индонезиянын өлкөдө кандай кызыкчылыктары бар экендигин, анын туристтик жана башка соода байланыштарын илгерилетүү мүмкүнчүлүктөрү кандай экендигин биле алабыз. Анын натыйжасында мамлекеттин жетекчилигине айрым серепчилик жазуулар жөнөтүлөт.

Которгон: Илгиз Жамалбеков