Өлкөдө тыюу салынган маалыматтарды таратууга жол берген интернет-ресурстардын, социалдык тармактардын жана мессенджерлердин ишин чектөөгө же токтотууга ыйгарым укугу болбойт. Балага байланыштуу киберкуугунтук деп таанылган маалымат гана жок кылынууга уруксат. Аны мамлекеттик орган эмес, атайын талдоочулук топ аныктайт. Мажилистин депутаттары киберкуугунтук боюнча мыйзам долбооруна Сенат киргизген түзөтүүлөрдү колдоп, документти кабыл алышты. Белгилей кетсек, бул мыйзам коомчулукта кызуу талкууга алынган. Балдарды коргоо боюнча түрдүү сунуштар, пикирлер эске алынган документ президентке кол коюуга жөнөтүлдү.
Которгон: Илгиз Жамалбеков