Алматы шаарын өнүктүрүү борбору БУУнун глобалдык келишим шартынын курамына кирди

Алматы шаарын өнүктүрүү борбору БУУнун глобалдык келишим шартынын курамына кирди

Казакстан БУУнун Туруктуу өнүгүү максаттарына жетүүдөгү позициясын бекемдөөдө. Бул процесстин алкагында Алматынын уюмдун глобалдык келишимине катышуусу каралышы мүмкүн. Документ Алматыга туруктуу экономикалык чөйрөнү түзүү, инвестиция тартуу жана шаардык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча чет өлкөлүк кесиптештери менен тажрыйба алмашууга мүмкүндүк берет. Шаар акимчилигинен билдиришкендей, Глобалдык келишим БУУнун туруктуу өнүгүү принциптерине ылайык бизнес-процесстер менен корпоративдик маданиятты бириктирүүгө жана системалаштырууга багытталган. Анын катышуучулары келишимдин он негизги принциптерин карманууга тийиш. Бул адам укуктары, эмгек мамилелери, айлана-чөйрөнү коргоо жана коррупцияга каршы күрөшүү жаатындагы маанилүү баалуулуктардын жыйындысы. Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө БУУнун глобалдык келишимине 160тан ашык өлкөдөн 9500 компания жана 3000ден ашык коммерциялык эмес уюмдар катышат.


Которгон: Илгиз Жамалбеков