Казакстан менен Испания биргелешкен долбоорлорду ишке ашырат

Казакстан менен Испания биргелешкен долбоорлорду ишке ашырат

Казакстанда топурактын ар кайсы түрүнө жарамдуу, курамында азоту бар жер семирткич жасай турган комплекс курулат. Бул өлкө үчүн жаңы өнүмдү  — карбамидди иштеп чыгарууга мүмкүндүк берет. Мындан тышкары, ири полиэтилен чыгаруучу комплексти куруу да мерчемделген. Химия жана мунай-газ-химия өнөр тармагындагы жаңы инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууну республиканын премьер-министри Алихан Смаилов менен испаниялык Tecnicas Reunidas компаниясынын аткаруучу төрагасы Хуан Лиадо талкуулады. Министрлер кабинетинин башчысы өкмөт керектүү колдоо көрсөтүүгө даяр экенин айтып, инвестициялык кызматташуунун өзгөчө келечегин белгиледи. Айта кетсек, жалпысынан 2005-жылдан бери испаниялык компаниялар Казакстанга 300 миллион долларга жакын инвестиция салган. Ал эми өлкөлөр ортосундагы соода жүгүртүү өткөн жылы 42% өскөн.

 

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков