Казакстанда көрүүсү начар тургундар үчүн басма
маалыматка жетүү жеңилдейт. Республиканын Сенаты Марракеш келишимин
ратификациялоо жөнүндө мыйзамды жактырды. Бул өлкөлөргө сокур жана көрүүсү
начар жарандар үчүн жеткиликтүү форматтарда көркөм басылмаларды, ошондой эле
билим берүү материалдарын бөлүшүүгө мүмкүндүк берет. Тактап
айтканда, брайл арибинде, ошондой эле аудио форматында жана чоң шрифтте.
Маданият министрлигинен билдиришкендей, мыйзам күчүнө киргенден кийин өлкөнүн
көрүүсү начар адамдар үчүн китеп фонду кыйла байыйт, ал эми мындай китепканалар
эселеп көбөйөт. Бүгүнкү күндө республикада 17 жана 142 китепкана бар. Жалпы
фонд көрүүсү начар жана көзү азиздер үчүн миллион нусканы түзөт,
алардын 200 миңге жакыны брайл тилинде.
Маулен Ашимбаев, Парламент Сенатынын
төрагасы:
- Мүмкүнчүлүгү чектелген
жарандардын укуктарын коргоо жана инклюзивдик чөйрөнү калыптандыруу – өлкөдө
ишке ашырылып жаткан социалдык саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири. Буга
байланыштуу каралып жаткан келишимдин жоболору көрүүсү начар адамдар үчүн
адабий жана көркөм чыгармаларга жеткиликтүүлүктү жогорулатууга багытталган.
Макулдашуунун алкагында ыйгарым укуктуу органдардын линиясы боюнча жеткиликтүү
форматтагы чыгармаларды трансчегаралык алмашууну ишке ашыруу үчүн механизмдер
каралган.
Евгений Кочетов, Маданият жана
маалымат вице-министри:
- Биз албетте, өсүш геометриялык
прогрессия менен болорун күтүп жатабыз. Анткени адабият жеткиликтүү болот. Анда
механизм болот, кийинкиси-бул макулдашууну ратификациялаган өлкөлөрдүн атайын
Консорциуму бар жана ал жерде биз бул өз ара алмашууну ишке ашырабыз. Автор
аталган макулдашууну ратификациялаган бардык өлкөлөргө адабияттарды берүүгө
макулдугун берет. Бирдин айында Интеллектуалдык менчиктин бүткүл дүйнөлүк уюму
автордук укук боюнча уюмунун аянтчасында консультативдик жолугушуу өткөрөт. Биз
механизмдерди иштеп чыгып, биздин китепкана тармагыбыз аталган китептерди ала
баштайт.
Белгилей кетсек, Марракеш келишими 2013-жылы
интеллектуалдык менчиктин Бүткүл дүйнөлүк уюмунун конференциясында кабыл алынган. Аны
ратификациялоо Казакстан үчүн инклюзивдүү коомго карай маанилүү кадам болуп
саналат. Бүгүнкү күндө эмгек жана социалдык коргоо министрлигинин маалыматы
боюнча, өлкөдө көрүүсү начар 85 миңден ашуун адам жашайт.
Которгон: Илгиз Жамалбеков.

