Президенттин тапшырмаларын аткаруу боюнча өзүнчө план кабыл алынды

Президенттин тапшырмаларын аткаруу боюнча өзүнчө план кабыл алынды

Мамлекет башчысынын Атырауда өткөн Улуттук курултайда айткан демилгелерин натыйжалуу жүзөгө ашыруу механизмдери иштелип чыкты. Бул тууралуу мамлекеттик кеңешчи Ерлан Карин өзүнүн Telegram социалдык тармагындагы баракчасында билдирди.

Ерлан Карин, Мамлекеттик кеңешчи:

- Президенттин тапшырмаларын аткаруу боюнча план кабыл алынды. Документтин көлөмү кенен, 40 пункттан турат. Анда ар кандай иш-чаралар көздөлгөн. Планга ылайык, баңгизатын өндүргөнү үчүн жоопкерчиликти күчөтүү, лудоманияга каршы күрөшүү, тарыхый объекттерди коргоо, археология, ономастикага байланыштуу иштер, мамлекеттик сыйлыктар тууралуу жана башкалар боюнча 10 мыйзам иштелип чыгып, кабыл алынат.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков