Борбор Азия мамлекеттери менен Кытайдыy талдоочулары өнөктөштүктүн келечегин талкуулашты

Борбор Азия мамлекеттери менен Кытайдыy талдоочулары өнөктөштүктүн келечегин талкуулашты

Борбордук Азия өлкөлөрү менен Кытайдын ортосундагы серепчилик көп тараптуу диалогду бекемдөө натыйжалуу өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүү үчүн абдан маанилүү. Бул тууралуу мамлекеттик кеңешчиси Ерлан Карин Кытайдын аналитикалык борборлорунун 5-форумунун ачылышында белгиледи. Серепчилер аймактык кызматташуунун жаңы багыттарын аныктоого, өнөктөштүктүн эң натыйжалуу багыттарын кароого мүмкүндүк берерин белгилешти. Транспорт коридорлорун өнүктүрүү, суу дипломатиясы жана санариптик технологияларды киргизүү стратегиялык мааниге ээ. Форум Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Түркмөнстан, Тажикстан жана Кытайдын лидерлеринин катышуусунда ушул айда Астанада өтө турган экинчи Борбор Азия-Кытай саммитинин алдында өттү.

Алия Мусабекова, президенттин алдындагы Казакстан стратегиялык изилдөөлөр институтунун Азия изилдөөлөр бөлүмүнүн башкы серепчиси:

- Эки жыл мурун биринчи Борбор Азия-Кытай саммити өткөндө Борбор Азия өлкөлөрү менен Кытайдын соода жүгүртүүсү 70 миллиард долларга жакын болгон. Бүгүнкү күндө, эки жылдан кийин бул көрсөткүч 95 миллиард долларга жетти. Бул 95 миллиарддын 40 мрлды Казакстанга туура келет. Бул сандардан да экономикалык кызматташтык канчалык алга жылганын көрүүгө болот. Транскаспий эл аралык транспорт багыты боюнча жүк ташуулардын көлөмү үч эсеге өстү.

Сунь Чжуанчжи, Кытай коомдук илимдер академиясынын Орусия, Чыгыш Европа жана Борбордук Азия институтунун мүдүрү:

- Быйыл форум өзгөчө мааниге ээ. Анткени Кытай-Борбор Азия саммити болот. Ал ушул жерде болмокчу жана биз саммиттин өзүндө карала турган маселелерди жана көйгөйлөрдү талкуулап жатабыз. Буга Кытай жана Борбор Азия өлкөлөрү гана кызыкдар эмес. Эл аралык коомчулук да мындай саммитке чоң көңүл бурат деп ойлойм.

Которгон: Илгиз Жамалбеков