Жыл башынан бери Жетису облусунун экономикасына 190 миллиард теңгеге жакын инвестиция тартылды. Бул тууралуу мамлекет башчыга Жетису облусунун акими билдирди. Облуста бир катар келечектүү инвестициялык долбоорлор ишке ашырылууда. Алардын арасында Кербулак районундагы металлургиялык завод, «Казакстан-Кытай эл аралык өнөр жай шаары» индустриалдык паркы, шамал электр станциясы сыяктуу ири долбоорлор бар. Ошондой эле облусту көгүлтүр отун менен камсыздоо программасы ишке ашырылууда. Ал 2028-жылы аяктайт.
Бейбит Исабаев, Жетису облусунун акими:
– Мен мамлекет башчысына үстүбүздөгү жылдын 7-айында Жетису облусунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн негизги багыттары жана жыйынтыктары жөнүндө баяндадым. Ошону менен бирге мамлекет башчысы облустун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн өсүү чекити болгон айыл чарбасы, транзиттик-транспорттук мүмкүнчүлүктөр, инфраструктуралык түзүмдөр, туризмди өнүктүрүү боюнча бир катар тапшырмаларды берди.
Которгон: Илгиз Жамалбеков