Казакстандын президенти транспорт министрин кабыл алды. Жолугушуунун жүрүшүндө Касым-Жомарт Токаев менен Нурлан Сауранбаев өлкөнүн транзиттик-транспорттук дараметин мындан ары чыңдоо боюнча чараларды талкуулашты. Мамлекет башчысы Казакстан аркылуу жүк ташуунун көлөмүн көбөйтүү үчүн автомобиль жолдорунун тармагын жана авиахабдарды активдүү өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Темир жол тармагындагы масштабдуу инфраструктуралык долбоорлорду өз убагында ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурулду. Транспорттук-логистикалык сектордун ИДӨдөгү үлүшүн көбөйтүү үчүн президент министрге тоскоолдук жараткан факторлорго ар тараптуу талдоо жүргүзүүнү жана тармакты башкаруудагы учурдагы ыкмаларды кайра карап чыгууну тапшырды. Жолугушуунун жыйынтыгында транзиттик коридорлордун өткөрүү жөндөмдүүлүгүн кеңейтүү жана Казакстандын Евразиянын негизги соода-логистикалык түйүнү катары позициясын чыңдоо боюнча натыйжалуу чаралардын комплексин кабыл алууну тапшырды.
Которгон: Назира Бегалиева

