Мажилис өлкөнүн инвестициялык жагымдуулугуна оң таасир эткен документти кабыл алды

Мажилис өлкөнүн инвестициялык жагымдуулугуна оң таасир эткен документти кабыл алды

Казакстандын инвестициялык жагымдуулугун жогорулатуу. Парламент Мажилиси документти кабыл алды. Медиация жолу менен жетишилген Бириккен Улуттар Уюмунун Эл аралык жарашуу келишимдери боюнча конвенциясынын ратификацияланышы өлкөдөгү соттон тышкаркы медиацияны өркүндөтүүдөгү алгылыктуу кадам, дешет серепчилер. Ал катышуучу мамлекеттердин эки же андан көп компаниялардын ортосундагы эл аралык соода талаш-тартыштарды чечүү үчүн колдонулат.

Ошентип, аталган документ тышкы сооданы өнүктүрүүгө жана тараптардын ортосундагы макулдашууларды ишке ашырууга көмөктөшөт. Дүйнөлүк рынокто өлкөнүн ишкердик аброю жогорулап, соода-сатыкка келгенде башкалар бизге ишенишет, дейт юстиция министри Канат Мусин. Белгилей кетсек, Конвенция 2020-жылдын аяк оона айынын 12де күчүнө кирген. Жамааттык келишимге Казакстан менен катар Кытай, АКШ, Корея жана Индия болуп жалпысынан 55 мамлекет кол койгон. Алардын ичинен 7 өлкө документти ратификацияласа, дагы бири документти бекитти.

Канат Мусин, Казакстандын Юстиция министри:

- Конвенциянын максаты - катышуучу мамлекеттердин аймагында медиация жолу менен жетишилген эл аралык келишимдерди таануу жана ишке ашыруу. Бүгүнкү күнгө чейин медиация жолу менен жетишилген эл аралык келишимдерди таануунун жана аткаруунун бирдиктүү механизми жок. Тескерисинче, талаш-тартыштын тараптары башка юрисдикциядагы жарашуу келишимин таануу жана аткаруу үчүн сотко кайрылууга мүмкүнчүлүгү пайда болот.

Которгон: Илгиз Жамалбеков