Президент Казакстандын мамлекеттик эгемендиги тууралуу декларациясы Эгемендүүлүккө жол ачканын белгиледи. Ошондуктан бул документтин тарыхый зор мааниси бар. Ал ошондой эле быйылкы жылдан баштап мамлекеттик майрам статусун алган Республика күнү жаңыча белгилене турганын билдирди. Бул демилге коомдо кеңири колдоого ээ болуп, жакшы салтка айланды. Касым-Жомарт Токаевдин айтымында, Республика күнү элибиздин духун көтөргөн, өлкөбүздү бекемдеген, биримдигибизди чыңдаган, ынтымагыбызды арттырган жаркын майрам.
Которгон: Илгиз Жамалбеков