Парламент депутаттары каникулга тарады

Парламент депутаттары каникулга тарады

Сегизинчи шайланган парламенттин экинчи сессиясы расмий жабылды. Биргелешкен жыйында парламенттин каникулун жарыялоо боюнча атайын токтом кабыл алынды. Бул сессияда Мажилис менен Сенат 179 долбоорду карап, анын 102син жактырды.  Эл өкүлдөрү 800гө жакын конуштарды кыдырып, 2000ге жакын жолугушууларды өткөрүштү. Депутаттар тарабынан 727 суроо жолдонгон. Мажилистин коомдук кабылдама кызматына 2 миңден ашуун адам кайрылды. Кошумчалай кетсек, сессиянын жүрүшүндө депутаттар 14 эл аралык парламенттик уюмдардын алкагында активдүү иш алып барышты. 257 эл аралык иш-чарага катышып, 38 чет мамлекеттин парламенттери менен кызматташтыкты жүзөгө ашырды.

Ерлан Кошанов, Парламент мажилисинин төрагасы:

-Азыркы учурда парламенттин куржунунда 71 мыйзам долбоору бар.  Депутаттык корпус азыр бюджет, салык, курулуш, суу кодекстери боюнча иштеп жатат. Муну менен катар, биз толугу менен жаңы санариптик кодду күтүп жатабыз. Биздин алдыбызда коррупцияга, баңгизатка каршы күрөш, дин, сот системасындагы реформалар жана башка маселелер боюнча көптөгөн иштер турат. Парламент, Өкмөт жана серепчилик коомчулук ынтымактуу жана комплекстүү иштеши керек. 

Которгон: Илгиз Жамалбеков