Мамлекет башчы Кыргызстандын Ош облусунун Ноокат районунда селден улам
адамдардын каза болгондугуна байланыштуу президент Садыр Жапаровго көңүл айтуу
телеграммасын жолдоду. Касым-Жомарт Токаев жабыркагандардын тезирээк сакайып
кетишин каалады. Ошондой эле жаратылыш кырсыгы болгон конушка Казакстан
гуманитардык жардам жөнөткөнүн айтып, керек болгон учурда боордош кыргыз
өлкөсүнө дагы кошумча жардам көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.
Которгон: Илгиз Жамалбеков