Казакстандын Президенти суу тармагын өнүктүрүү керектигин айтты

Казакстандын суу ресурстарынын запастарын көбөйтүү, ирригациялык системалардагы коромжуларды кыскартуу, суу ташкындарын андан ары пайдалануу үчүн топтоо. Өлкөдө бул маселелерди суу тармагын өнүктүрүүнүн бекитилген комплекстүү планынын алкагында чечүү ниетинде. Ал 2028 - жылдын аягына чейин эсептелген жана 5 миңден ашык иш-чарадан турат. Алардын бири-ирригациялык системаларды уюштуруу. Белгилей кетсек, алар менен иш алып баруу, ошондой эле гидрологиялык постторду модернизациялоо, сууну үнөмдөө технологдорун киргизүү тариф саясатын жөнгө салуу мунун баарын мамлекет башчы өз кайрылуусунда өкмөткө тапшырган. Касым-Жомарт Токаев ирригация, суу топтоо жана пайдалануу системалары инвестиция үчүн жагымдуу тармак боло аларын өзгөчө белгиледи.

Болат Бекнияз,  Казакстандын  Суу ресурстары жана ирригация боюнча биринчи вице-министри:

– Бул планда 42 жаңы суу сактагычты куруу, 34 гидротехникалык курулманы реконструкциялоо каралган. Ошондой эле 14,5 миң чакырымдай ирригациялык системаларды куруу жана реконструкциялоо. Бүгүнкү күндө бул долбоорлорду каржылоо боюнча Ислам өнүктүрүү банкы менен сүйлөшүүлөр аяктап жатат. Ошондой эле, сууну үнөмдөөчү технологияларды колдонуу аянтын жыл сайын 150 миң гектарга чейин көбөйтүү милдети коюлган. Ар бир облуска тиешелүү индикаторлор берилди.

Мындан тышкары, дыйкандар алдыңкы сууну үнөмдөөчү системаларды колдонууга жана сугат талааларына орнотууга түрткү берет. Бул үчүн субсидиялар 50%дан 80%га чейин көбөйтүлдү. Ошондой эле инфраструктураны жүргүзүүдө скважиналарды бургулоого кеткен чыгымдардын ордун айыл чарба өндүрүүчүлөрүнө дагы  80% га чейин толтуруп беришет. Мындан тышкары, Мамлекет башчысынын тапшырмасы менен 2027-жылга чейин сууну үнөмдөө боюнча Жол картасы бекитилди.

Болат Бекнияз,  Казакстандын  Суу ресурстары жана ирригация боюнча биринчи вице-министри:

– Жол картасын ишке ашыруу суунун коромжусун азайтууга, колдо болгон суу ресурстарын көбөйтүүгө мүмкүндүк берет. Ошондой эле гидротехникалык курулуштардын абалын жакшыртуу. Биз суу тармагынын тарифин түзүүнүн жаңы эрежелерин иштеп чыгабыз. Ага ылайык өсүмдүктөрдүн түрлөрүнө, керектөөнүн көлөмүнө жана сууну үнөмдөөчү технологиялардын же сууну эсептөө приборлорунун болушуна же иштешине жараша дифференцияланган тарифтерди киргизүү боюнча иштер жүргүзүлөт.

Которгон: Назира Бегалиева