Казакстанда NEO NOMAD визасы киргизилет

Казакстанда визанын жаңы түрү ишке кирди. «Neo Nomad» визасы саякаттап, аралыктан иштеген чет элдик туристтерге арналган. "Заманбап көчмөндөр" документин алуу үчүн чет өлкөлүк жаран Казакстандан тышкары жерде туруктуу кирешеси бар экендигин далилдеши керек, анын өлчөмү айына 3000 доллардан кем болбошу шарт. Мындан тышкары, кирешенин негизги талаптарынан башка, чет өлкөлүк талапкер медициналык камсыздандырууну жана соттолгону жок күбөлүктү көрсөтүшү керек. «Kazakh Tourism» белгилегендей, виза киргизилгенде жылына 500 адам аны алса, экономикалык натыйжалуулук болжол менен 3,5 млрд теңгеден ашат. Демилге Касым-Жомарт Токаевдин тапшырмасы менен колго алынды.

Даниел Сержан уулу, «KAZAKH TOURISM» УК башкарма төрагасынын орун басары:

- Бул абдан маанилүү демилге. Бүгүнкү күндө аны дүйнөнүн 50 өлкөсү киргизди. Учурда 35 миллион адамды "Заманбап көчмөндөр" деп атоого болот. Эгерде документ ээлери өздөрүнүн каржылык мүмкүнчүлүктөрүн, 3 миң доллардан ашык туруктуу кирешесин далилденсе, анда биздин өлкөдө бир жылга чейин болуу мүмкүнчүлүгү берилет. Мындан тышкары, ал башка өлкөдө туруктуу жумуш орду болушу шарт. 

Мындан тышкары, Казакстанда Digital Nomad Visa ишке кирди. Ал "аралыктан" иштегиси келген эл аралык IT-адистерине арналат. Программанын артыкчылыктары визаны жол-жоболоштуруунун жөнөкөйлөтүлгөн, 5G жана спутник байланышынын жеткиликтүүлүгү, бизнести жүргүзүүнү жана инновациялык долбоорлорго катышууну жеңилдетүү үчүн жергиликтүү маданият менен интеграциялоо болуп саналат. Digital Nomad Visaнын ишке кошулуусу - бул өлкөнү санариптик Көчмөндөрдүн эл аралык борборуна айлантуудагы маанилүү кадам.

Которгон: Илгиз Жамалбеков