Бүгүн, теке
айынын 26да Парижде 33-Жайкы Олимпиада оюндарынын
ачылыш аземи болот. Төрт жылдыктын негизги мелдештеринин уюштуруучуларынын
айтымында, спортчулардын салттуу парады биринчи жолу стадиондо эмес, – Сена дарыясында болот. Ар бир делегация аны
бойлоп өзүнчө кайык менен жүрүп
өтөт. Спортчулардын жүрүшүнө жалпысынан 206 өлкөдөн 10 миңден ашык адам
катышат. Олимпиаданын ачылышына 120га жакын мамлекет башчылары, монархтар,
өкмөт башчылары, ошондой эле 300 миңден ашык көрүүчү күбө болоору күтүлүүдө. Франциянын
баш калаасынын көчөлөрүндө коопсуздукту 45 миңдей полиция кызматкери, анын
ичинде атайын күчтөр камсыздайт. Жалпысынан спорттун 32
түрү боюнча 329 комплект медаль ойнотулат. Алардын 25ине Казакстан катышат.
Олимпиадалык курама команданы
80 спортчу коргойт. Жайкы Олимпиада оюндарынын ачылыш аземинде республиканын желегин көтөрүү
сыймыгы спортчу Ольга Сафронова менен боксчу Асланбек Шымбергеновго берилди.
Елдос
Сайдалин, Казакстандын бокс боюнча аялдар курама командасынын башкы
машыктыруучусу:
-Биз теке айынын 21де келдик. Учурда
биз бул жерге көнүп жатабыз. Бул жагынан бизге психолог жана
массажист жардам берет. Алар команда менен келишти. Бүгүн, чүчү кулак болот.
Биринчи атаандашыбыз ким болорун билебиз.
Которгон: Илгиз Жамалбеков