Астанада V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын почта маркасы жүгүртүүгө чыкты

Астанадагы «Казанат» ипподромунда V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына арналган мааракелик почта маркасы тааныштырылды. Чоң мелдештин негизги атаандаштары дал ушул жерде өтмөкчү. Казакстандын маданияты жана спорту сериясындагы жаңы товардык белгиде «Бүркүттүн» образы тартылган. Бул байыркы салттын сактоочусу, ал берилгендикти жана адалдыкты сыпаттайт. Ошондой эле көчмөн элдердин маданий мурастарын урматтоонун символу. Марканын тиражы 5 миң даана, анын аталыш наркы 500 теңге.

Наиль Нуров, V дүйнөлук көчмөндөр оюндары:

– Бул жөн эле окуя эмес. Бул 5-Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын өлкөбүз үчүн маанисин билдирген окуя. Масштабдуу мелдеш  көз каранды эмес мамлекетибиздин тарыхына кирди. Бул, албетте, абдан кызыктуу жана таасирдүү болору анык. Айрыкча улуттук казак спорту чыныгы эмоцияга, жаркын маанайга толо болот.

Которгон: Илгиз Жамалбеков