Астанада дрон-футбол боюнча республикалык чемпионат өттү

Астанада дрон-футбол боюнча республикалык чемпионат өттү

Борбор калаада дрон менен футбол боюнча Astana FIDE Championship 2026 эл аралык турнири өттү. Мелдешке республиканын бардык аймактарынан жыйырмадан ашык команда катышты. Жеңүүчүлөргө Түштүк Кореяда өтүүчү дүйнөлүк чемпионатка жолдомо берилет. Дрон футболу 2017-жылы ушул өлкөдө пайда болуп, дүйнөнүн 30дан ашуун өлкөсүнө тараган. Спорттун бул түрү жаш муундарды илимге жана инженердик кесипке умтулууга үндөө максатын көздөйт. Казак студенттери дүйнөлүк дрондор сынагында мыктылардын катарында. Адистердин айтымында, бул багыт келечекте өлкөнүн билим берүү тармагына активдүү интеграцияланат.

Алихан Рыспай, Kazakhstan Drone Soccer Association мүдүрү:

Биз азыркы дүйнөнүн чемпиондорубуз. Жакында АКШда өткөн мелдеште биринчи, экинчи, үчүнчү орунду алдык. Ошондой эле 40-категорияда эң өнүккөн дрондор жарышында 17 өлкөнүн ичинен экинчи орунду алдык, бул эки эсе күчтүү. Дрон-футбол мектеп окуучулары үчүн бул тармакта учкучтун жана инженердин көндүмдөрүн өздөштүрүү үчүн абдан жеткиликтүү маршрут, аны өздөштүрүү мүмкүнчүлүгү оңой.

Которгон: Назира Бегалиева