Бир айдан кийин Казакстандын
борборунда V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтөт. Спорттун улуттук түрлөрүн жана
көчмөн элдердин руханий баалуулуктарын өз көзү менен көргүсү келгендер
билеттерди онлайн жана шаардык кассалардан сатып алса болот. Сатуу башталды. Баш оона айынын 6нан баштап оюндардын
ачылыш аземине жана мелдештерге билеттерди сатып алууга болот. Уюштуруучулардын
айтымында, 5 жашка чейинки балдар жана мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн кирүү
акысыз. Белгилей кетсек, оюндардын ачылыш аземинде белгилүү артисттердин
өнөрлөрүнө күбө болууга болот. Алардын арасында Димаш Кудайберген да бар экенин
эске сала кетсек. Этноспорт боюнча башкы эл аралык мелдешке 89 өлкөнүн
спортчулары келет. Алар улуттук оюндардын 21 түрү боюнча күч сынашат. Казак
күрөшү, көк бөрү, эр-эңиш, жамбы атуу өзгөчө белгилей кетүү керек. Оюндарга
казакстандыктардан тышкары 100 миңден ашык чет элдик коноктордун келери
күтүлүүдө.
Которгон: Илгиз
Жамалбеков