Казакстанда жасалган жебелер Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндарында колдонулат

V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында жаачылар Казакстанда жасалган  жебелерди колдонушат. Алар бардык талаптарга жана эл аралык стандарттарга ылайыкташтырылган. Турнирге буга чейин эки миңден ашык жебе даярдалган. Белгилей кетсек, салттуу жаа атуу боюнча мелдешке 35тен ашуун өлкөнүн 200дөн ашуун спортчулары  чогулат.


Ербол Тапенов, Салттуу жаа атуу боюнча Улуттук курама команданын мүчөсү, «Алтын жебе» цехинин жетекчиси:


5 жыл мурун салттуу жаа атуу Федерациясында биздин жебелерибиз болгон эмес. Биз Түркия, Кытай, Венгрия жана башка мамлекеттерден буйрутма берип алчубуз. Ал көп учурда машыгууларда колдонулгандыктан, мелдеш учурунда сынып калган учурлар болгон.  Келүү абдан узак жана кымбат болгондуктан, жарым жыл мурун биз өзүбүздүн ата мекендик өнүмдү чыгара баштадык.


Которгон: Илгиз Жамалбеков