Нооруздун он күндүгүнүн алкагында борбор калаада улуттук спорттун түрлөрү боюнча мелдештер өттү. Казак эли үчүн жылкы – бир жагынан унаа, бир жагынан канат болгон, ошондуктан улуттук ат спортунун түрлөрү көп. Бүгүнкү күндө элдин кыз куумай, тыйын эңмей, көк бөрү оюндарына кызыгуусу артып, спортчулардын катары көбөйүүдө. Алардын арасында ат үстүндө ойной билген кыздар да аз эмес. Ошолордун бири – Гүлбану Муминкулова. Ал улуттук спорт менен алектенгенине 4 жылдан ашты.
Гүлбану Муминкулова, спортчу:
– Рух, адреналин, улуттук спортубуз да, мурунку ата-бабаларыбыздын руху өзүбүздүн каныбызда бар чыгар. Абдан жакшы сезим болуп жатат. Атта отурган адам гана түшүнөт чыгар ал сезимди. Абдан мыкты шыктануу аласың.
Адил Төкенов, уюштуруучу:
– Атка минген адамдын организмин айта турган болсок, 48 мууну иштейт дейт. Өзгөчө рух пайда болот, жигер пайда болот. Мисалы, салыштырмалуу аналогияны алсак, эл тизгинин кармаган деп айтат. Мисалы, кандайдыр бир жаратылыштын кубулуштары, ат кулагы көрүнбөгөн бороон деген сыяктуу. Биздин жалпы жашообуз ушул жылкы жаныбары менен түздөн-түз байланыштуу.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

