Астанада Паралимпиаданын жеңүүчүлөрү сыйланды. Жогорку спорттук жетишкендиктери үчүн мамлекеттик сыйлыктарды өлкө Президентинин атынан спортчуларга өкмөт башчы тапшырды. Олжас Бектенов спортчуларды мыкты көрсөткүчтөрү менен куттуктады. Ал быйыл Казакстандын Паралимпиадалык командасы тогуз медаль утуп, тарыхый рекорд койгонун эске салды. Анын ичинен 2 алтын, 3 күмүш жана 4 коло. Мамлекет башчысынын жарлыгы менен «Барыс» I ордени менен пара пауэрлифтинг боюнча өлкөдөгү биринчи эки жолку чемпион Давид Дегтярев сыйланды. Биринчи алтын алган пара дзюдо боюнча Акмарал Нахуатбекке «Барыс» III даражасындагы ордени ыйгарылды.Күмүш медалга ээ болгон аткычтар Еркин Габбасов, сууда сүзүүчү Нурдаулет Жумагали жана дзюдочу Ергали Шамей «Парасат» орденинин кавалерлери болушту. Ал эми Курмет ордени менен коло медалдын ээлери Дастан Мукашбеков, Зарина Райфова, Даяна Федосова жана Журкамырза Шүкүрбековдор сыйланышты. Жогорку сыйлыктарга улуттук курама команданын башкы машыктыруучулары, ошондой эле спортчулардын жеке машыктыруучулары татыктуу болушту.
Давид Дегтярев, Паралимпиада оюндарынын эки жолку чемпиону:
– Париждеги параолимпиада оюндарында өлкөбүздүн намысын коргоо мен үчүн чоң сыймык болду. Биз паралимпиада оюндарында медаль алуу үчүн талыкпай эмгектендик, ал эми машыктыруучуларыбыз жеңишибизге бардык жөндөмдөрүн жумшашты. Мен өлкөбүздүн биринчи эки жолку паралимпиадалык чемпиону болгонума, Казакстандын эл аралык аренадагы аброюн бекемдөөгө өз салымымды кошконума кубанычтамын. Алдыда бизди жаңы жеңиштерге жетүү үчүн көп иштер күтүп турат.
Которгон: Назира Бегалиева