Паралимпиада байге ээлери Парижден Казакстанга кайтып келди

Паралимпиада байге ээлери Парижден Казакстанга кайтып келди

Париждеги Паралимпиадасынын байге ээлери Еркин Габбасовду күйөрмандары Астана эл аралык аэропортунан чачыла, боорсок, ыр-бий менен тосуп алышты. Эске сала кетсек, спортчу Казакстандын курама командасына күмүш медаль тагынган. Ал 10 метрден мылтык атуу боюнча мелдеште жеңишке жетти. Еркин Габбасов финалда гана түштүк кореялык спортчуга алдырып ийди. Мыктылардын катарынан көрүнгөн спортчу менен бирге ок атуу жана жеңил атлетика боюнча командалар өлкөгө кайтып келишти. Аларды үй-бүлөсү, жакындары, достору жана кесиптештери тосуп алышты.


Еркин Габбасов, Париж паралимпиадасынын күмүш байге ээси:


- Мен дагы эле толкунданып жатам. Мындай болот деп ойлогон эмесмин. Бардык сезимдер, эмоциялар ошол жерде калды. Атаандаштардын баары группада, рейтингдеги жигеттер. Алардын баары күчтүү.


Которгон: Илгиз Жамалбеков