Казакстандын Улуттук
музейинде балдар арасында чүкө атуу боюнча
ачык турнир өттү. Шаарлардан чогулган 15 мектептин окуучулары шамдагайлыгын
жана тактыгын сынашты. Уюштуруучулар чүкө атуу чыдамдуулук менен
зээндүүлүктүү чыңдайт дешет. Командада иштөө
жөндөмдүүлүктү өрчүтүүгө жардам берет. Улуттук оюн-жаш тандабайт. Кыздар да, жигиттер да эркин ойношот. Чоңдор да кызыгуучулук таанытат. Турнир жаш муундар арасында салтты жана сергек
жашоо образын жайылтуу максатын көздөйт. Белгилей кетсек, улуттук оюн – чүкө атуу 2017-жылы ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий
мурастар тизмесине киргизилген.
Ескендир
Рахметов, Астана шаарындагы чүкө атуу федерациясынын президенти:
- Ойноп жатып,
бала өзүн өнүктүрөт. Логикалык жактан, андан кийин мергенчилик, мекенчилдик сезимдерди калыптандырат. Руханий баалуулуктарды ойготот. Алар ойноо менен бирге таалим-тарбия алышат. Андан кийин маалыматтарды
алат. Чүкөнү ойноп жүрүп ушундай мекенчилдик калыптанат. Патриоттуулукка
тарбиялайт.
Айзере Артыкбай, окуучу:
- Чүкө атуу мээни өнүктүрөт, колду өнүктүрөт. Мен ойногонду жакшы көрөм. Учурда ойноп
жатканыбыз мурдагыга окшойт, бирок бир аз башкача. Аны ойнойбуз, өзүбүздүн биринчи
ойноп жүргөнүбүздү эстейбиз, анан мурункусун үйрөнө баштайбыз.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

