Казакстанда «Улуу Талаа жоругу» эл аралык марафон-байгеси башталды

Казакстанда «Улуу Талаа жоругу» эл аралык марафон-байгеси башталды. Жарыш өлкөнүн түндүгүндөгү Ботай маданияты борборунан башталып, Астанада аяктайт. Чабандестер жалпысынан 500 чакырым жолду басып өтүшөт. Мелдешке Иран, Түркия, Кыргызстан, Орусия жана Венгриядан келген 8 чет элдик команда, ошондой эле Казакстандын 9 командасы катышууда. Алардын ичинен эки команда жалаң кыздардан түзүлгөн.


Сымбат Матай кызы, чабандес, Маңгыстау облусу:

- Маанай жакшы, атым да мыкты. Өздөрүңүздөр көрүп тургандай, бир ордунда  турбайт. Атаандаштарым да мыкты. Мен билген «Томирис» командасы бар. Менин атым ушундай узун чакырымдарга чабылып жүргөн ат. Кыскасы баарына. Жакшы орун алып жүргөн аттардын бири.

Мейирбек Алимбек, чабандес:


- Казакстандын намысын коргогону Алматыдан келе жатабыз. Биздин аттар кылдат даярдалды. Жазында 500 чакырымга чуркашты. Ал жактан үчүнчү орунду алдык. Калган аттарыбыздын баары даяр. Балдардын да маанайы жакшы. Жеңебиз деген ойдобуз.


Уюштуруучулардын айтымында, марафон-байге азайып бара жаткан жылкы тукумун кайра жандандырып, дүйнөлүк деңгээлде атагын чыгарууга багытталган. Мелдешке Адай, Найман, Көшим, Аулие ата, Костанай жана Жетысу породалары катышат. Жарышта алдыга чыгып, мыкты аталгандар 5-Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине катышат.


Исламбек Салжанов, улуттук спорт бирикмесинин президенти:


- Быйыл биринчи жолу эл аралык деңгээлде өткөрүлмөкчү. Биз аны мындан ары да уланталы деген чоң ниетибиз бар, албетте. Улуттук спорттун түрлөрү ассоциациясы үч жылдан бери ушул «Улуу Талаа жоругу» марафонуна колдоо көрсөтүп келет. Улуу беттештин аброй менен өтүшүн каалайбыз. Биздин мамлекетибиздин намысын коргой турган чабандестерибизге ийгиликтерди каалайбыз.


Которгон: Илгиз Жамалбеков