Өзгөчө кырдаалга кабылган тургундарга ар тараптуу колдоо көрсөтүлөт

Өзгөчө кырдаалга кабылган тургундарга ар тараптуу колдоо көрсөтүлөт

Суу каптоодон жапа чеккендерди  убактылуу турак жай, саламаттыкты сактоо жана билим берүү менен камсыз кылуу. Казакстандын премьер-министри социалдык блоктун министрлерине селдин кесепеттерин жоюу чаралары боюнча кеңешмеде өзгөчө кырдаалга кабылган аймактын тургундарына ар тараптуу колдоо көрсөтүүнү тапшырды. Ошону менен бирге, конуш оодарганга чейин  эвакуациялоо пункттарынын ишин колдоого өзгөчө көңүл бурууну талап кылды. Олжас Бектенов социалдык инфраструктуралык объекттерди, мектептерди жана бала бакчаларды, ооруканаларды жана бейтапканаларды оңдоого артыкчылык берүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Ошондой эле, Айыл чарба министрлигине суу каптаган аймактарда эпизоотиялык абалдын курчуп кетпөөсүн көзөмөлдөөнү тапшырды. Окуу-агартуу министрлигине окуучуларды экзамендерден бошотуу керектигин айтты. Бүгүнкү күндө суу каптаган аймактардагы 130дан ашык мектеп аралыктан окууга өткөрүлдү.

 

Тамара Дүйсенова, Эмгек жана калкты социалдык жактан коргоо министри:

- Башталгыч мектептин 1-4-класстарынын окуучулары ата-энелери менен бирге окуу процесси толук жолго коюлган эс алуу жайларына, лагерлерге жайгаштырылат. 5-8-класстын окуучулары өздөрү жашаган аймактардагы Дарын мектеп-интернаттарында, билим берүү инновациялык лицейлеринде, Назарбаев интеллектуалдык мектептеринде жайгашат. Жогорку класстын 9-11-класстарынын окуучуларын колледждерге жана жогорку окуу жайларга жайгаштырабыз. Суу ташкынынын кесепеттерин калыбына келтирүү  иштери аяктаганга чейин балдардын билим алуусун жана жайкы эс алуусун камсыз кылуу милдети турат.

 

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков