Мамлекет башчысы Абу-Дабинин Саламаттыкты сактоо департаментинин төрагасы менен жолугушту

Мамлекет башчысы Абу-Дабинин Саламаттыкты сактоо департаментинин төрагасы менен жолугушту

Казакстан Бириккен Араб Эмираттарынын жасалма интеллектти изилдөө боюнча дүйнөдөгү биринчи университети түзүлгөн тажрыйбасын үйрөнөт. Бул тууралуу Казакстандын президенти Digital Bridge эл аралык форумунун алкагында Бириккен Араб Эмираттарынын жасалма интеллект, санарип экономика жана алыскы жумуш маселелери боюнча министри Омар Аль-Олама жана Абу-Дабинин Саламаттыкты сактоо департаментинин төрагасы, G42 International компаниясынын башкы мүдүрү Мансур Ибрагим Аль-Мансури менен болгон жолугушууда билдирди. Жолугушуунун катышуучулары эки тараптуу өнөктөштүктүн маанилүү этабы боло турган Smart City биргелешкен долбооруна өзгөчө көңүл бурушту.

Мамлекет башчысы ошондой эле Стэнфорд университетинин профессору Илья Стребулаевди кабыл алды. Маектештер венчурдук инвестицияларды тартуу маселелерин, ошондой эле жасалма интеллект жаатында казакстандык стартаптарды өнүктүрүү мүмкүнчүлүгүн талкуулашты. Касым-Жомарт Токаев өлкө венчурдук инвестициялардын көлөмү боюнча аймакта лидер экенин билдирди.

Мамлекет башчысы Telegram мессенджеринин негиздөөчүсү Павел Дуров менен билим берүү, жасалма интеллект жана киберкоопсуздук тармактарында кызматташуу маселелерин талкуулады. Белгилей кетсек, компания расмий түрдө Astana Hub'дын катышуучусу болуп, Казакстанда кеңсесин ачып, AIem.Ai борборунда AI лабораторияларын ишке киргизди. Павел Дуров Касым-Жомарт Токаевге жасалма интеллект жаатында биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун келечеги тууралуу айтып берди.

Казакстандын президенти Binance компаниясынын негиздөөчүсү Чанпэн Чжао менен да жолугушту. Касым-Жомарт Токаев анын дүйнөлүк криптовалюта индустриясынын жана финтех-экосистемасынын калыптанышына кошкон жеке салымын жогору баалады. 2022-жылы Binance Lab базасында Казакстанда криптоиндустриянын аймактык хабын түзүү жөнүндө меморандумга кол коюлгандан кийин, өлкөдө блокчейн жана криптотехнологиялар жаатында келечектүү долбоорлор ишке ашырылууда.

Которгон: Илгиз Жамалбеков