Астанадагы ЭКСПО
аймагы жаңы муундун технологиялык кластерине айландырылат. Жасалма интеллект
жана санариптик өнүгүү министрлигинин маалыматы боюнча, анын базасында жыл
сайын 500гө чейин стартап ишке киргизүү пландалууда. Кластер илимди, өнөр жайды
жана технологиялык долбоорлорду ата мекендик экономикага чечимдерди киргизүүгө
басым жасоо менен бирдиктүү экосистемага бириктирет. Бүгүнкү күндө ал жерде
адистештирилген борборлордун тармагы түзүлүүдө - робототехника жана дрондордон
киберкоопсуздукка жана MedTechке чейин. Алар жылдын аягына чейин ишке
киргизилиши керек. Ал эми телебашкаруу элементтери жана AI-моделдери менен
интеграцияланган гуманоиддик роботтор лабораториясы иштеп баштады. Мекеменин маалыматы
боюнча, шаардык мобилдүүлүккө өзгөчө көңүл бурулууда. Ушул жылдын экинчи
кварталында эл аралык компаниялардын катышуусунда учкучсуз унаалардын
эксперименталдык долбоорун ишке киргизүү пландалууда. Долбоор инновацияларды
киргизүүнү тездетип, өлкөнүн технологиялык экосистемасын күчөтүшү керек.
Жаслан Мадиев,
Премьер-министрдин орун басары, жасалма интеллект жана цифралык өнүгүү министри:
– Быйылкы жылдын
экинчи кварталында эле Алматы, Астана жана Акмола облустарында учкучсуз
унааларды жана жеткирүүчү дрондорду сыноодон өткөрө баштайбыз. Ошол эле учурда
жаңы технокластерде адистештирилген борборлордун тармагы түзүлүүдө –
робототехника, учкучсуз технологиялар, киберкоопсуздук, медицина, агросектор, индустрия, кибер спорт боюнча оюндарды иштеп чыгуу. Бул
аянтчалардын баарын ишке киргизүүнү ушул жылы аяктоону пландаштыруудабыз.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

