Казакстан келерки жылы 11млрд куб метрге жакын суу алат

Казакстанда суу тартыштыгы болбойт. Бул тууралуу тиешелүү министрлик  маалымдады. Келерки жылы республикага Борбор Азия өлкөлөрүнөн 11 млрд куб метрге жакын суу жеткирилет. Тиешелүү макулдашууга Ашхабадда өткөн суу чарбасы боюнча мамлекеттер аралык координациялык комиссиянын 87-отурумунда жетишилди.

Ерболат Пернехан, Борбор Азия боюнча суу кызматташтыгы башкармалыгынын башкы серепчиси: 

– Чын куран айынын 1не чейин өлкөнүн Шардара суу сактагычында 11 млрд куб метр суу болот деп күтүлүүдө. Бул 2025-жылы сугат мезгилинде өлкөнүн Түштүк региондоруна керектүү суунун көлөмүн топтоого мүмкүндүк берет. Мындан тышкары, отурумдун катышуучулары Сырдарыя жана Амударыя дарыяларынын бассейндериндеги суу сактагычтардын болжолдуу иш графигин бекитишти. Муну менен катар 2024-2025-жылдардын күз-кыш мезгилине карата Борбордук Азия өлкөлөрүнө суу берүүнүн көлөмүн аныкташты.

Которгон: Илгиз Жамалбеков