Казакстандын унаа жолдорунда жаңы технологиялар сыналып жатат. Окумуштуулар аны кеңири колдонууга сунуштоодон мурун республикалык маанидеги жолдордун биринде сыноолорду өткөргөнү жатышат. Тандоо өлкөнүн түштүгүндөгү "Күрти-Бурылбайталга" түштү. Анда 200 метрден баштап "жылуу асфальт" деп аталган жол сынактан өтүүдө. Адистердин айтымында, бул инновация суук мезгилде да жолдорду салууга жана оңдоого мүмкүндүк берет. Мындан тышкары, бул аралашманы даярдоо этаптарында энергия чыгымдарын бир кыйла азайтууга, ошондой эле эмиссиянын айлана-чөйрөгө тийгизген таасирин азайтууга мүмкүндүк берет.
Адина Айнаева, Казакстан жол
илимий-изилдөө институтунун расмий өкүлү:
- Казакстанда бир нече климаттык
зоналар бар, алардын айрымдары тогуздун айында кар жаап, чын куран айынын аягына
чейин жатышы мүмкүн. Бул жолдорду куруунун жана оңдоонун мөөнөтүн кыйла
кыскартат. Нормативдерге ылайык, эгерде биз "жылуу асфальт"
технологиясын колдонуу менен 125-130 градус °C табында асфальт төшөй турган
болсок, тагыраагы ушундай түрлөндүрүлгөн кошундуларды пайдалануу менен биз 90
градус тепературада асфальт төшөй алабыз. Башкача айтканда аны аба табы төмөн болгондо колдонуу
натыйжалуу болот. Бүгүнкү күндө "жылуу асфальт" өзүнүн бардык
физикалык-механикалык касиеттерин сактаары лабораториялык түрдө далилденди.
Быйыл гана республикалык маанидеги
автожолдордо бир нече атамекендик иштеп
чыгуулар сынактан өткөрүлүүдө. Тактап айтканда, бул катмардын деформацияга
туруктуулугун жогорулатуучу битум менен
асфальт-бетон модификатору. Ал C боюнча
25 градуска чейин температурага туруштук бере алат. Ошондой эле тайгакка каршы реагенттүү, жол
белгилеринин туруктуулугу жакшыртылган органикалык эрүүчү боек жана топурак кошулмаларды көтөрө алат.
Ар бири эки жыл бою сынактан өтөт. Андан кийин илимпоздор алардын
натыйжалуулугуна толук баа беришет.
Которгон: Илгиз Жамалбеков