35 жашында Өзбекстандын улуттук симфониялык оркестринин башкы дирижёру болгон казак. Алибек Кабдырахмановдун коңшу республиканын алдыңкы музыкалык тобун жетектегенине эки жылдын жүзү болду. Ал Өзбекстанда туулуп-өскөн, ошол жакта үйлөнгөн. Жубайы экөө эки баланы тарбиялап жатышат. Өз мекени – Казакстанга гастролдук сапар менен келгенде абдан кубанам, дейт Алибек.
Алибек Кабдырахманов, Өзбекстан улуттук симфониялык оркестринин башкы дирижёру:
- Ата-энем Ташкентте төрөлгөн. Чоң атам менен чоң апам Атыраудан көчүп келишкен. Биз кичи жүздүн Адай уругунан тараган казакпыз. Менин үй-бүлөм казактын салтын карманат. Апам менен чоң энем казакча сүйлөшсө, мени менен орусча сүйлөшөт. Албетте, таза казак болгондон кийин өз эне тилимди билишим керек. Мен бул кемчилигимди мойнума алам. Азыр менде казак тилин үйрөнүү милдети турат. Бул беделдүү жумуш. Мен өз жумушумду жакшы көрөм. Пандемияга чейин жылына 70 концерт берчүбүз. Чет өлкөлөргө көп чыгып, чоң иш-чараларга катышып турабыз. Өзбекстандын башкы оркестрин башкарууга мүмкүнчүлүк берген өкмөткө ыраазычылык билдирем.
Өзбекстандын улуттук симфониялык оркестринде 80ге жакын музыкант бар. Башкы дирижёрдун жетекчилиги астында жамаат күйөрмандарды өз өнөрлөрү менен кубандырып келет. Ансамблдин репертуарында классикалык чыгармалардан тышкары заманбап чыгармалар, ал тургай казактын улуттук күүлөрү да бар.
Которгон: Илгиз Жамалбеков