Улуттук кийим чакырыгы

Улуттук кийим чакырыгы

Атүгүл айрымдары казак оюмдары менен кооздолгон кийимдерди атайын тиктиришкен. Түркестан облусунда өзгөчө челлендж башталды. Улустун улуу күнүнө карата бардык мемлекеттик мекемелердин кызматкерлери жумушка казактын улуттук кийимдери менен келишет. Муну менен алар Түркестан облусу казак маданиятынын бузулбаган аймагы экенин көрсөтүштү. Мамлекеттик кызматкерлер казактын өзгөчөлүгүн аныктаган улуттук кийимдерди жазгы жаркыраган майрамдарда гана эмес, күнүмдүк иш күндөрү да кийүүгө даяр экенин айтышты.

Асан Жуманов, Түркестан облусу акимчилиги аппаратынын арыздарды көзөмөлдөө бөлүмүнүн башкы инспектору:

Аркан тартыш, кыз куумай жана башка улуттук оюндар унутта калып бара жатат. Жаштардын көбү уюлдук телефондорго жана компьютердик техникага кирип кеткен. Ошол жаштарды улуттук баалуулуктарга даңазалап, заманбап кылып, иш-чараларды уюштуруп, жаштарды тарбиялоо керек деп ойлойм.

Которгон: Илгиз Жамалбеков