Алар 1-4-класстын окуучулары үчүн жеткиликтүү болот. Пилоттук долбоор өлкөнүн 30 билим берүү мекемесинде ишке ашырылат. Азия шахмат федерациясынан билдиришкендей, билим берүү, илим жана жогорку билим берүү министрликтери менен биргеликте усулдук иштер жүргүзүлүп, эл аралык серепчилер тартылган. Мындан тышкары ушул эле долбоор ишке ашырылган Испаниянын тажрыйбасы да изилденип, эске алынган. Белгилей кетсек, Казакстанда 7 миңден ашык шахмат секциялары бар. Алардын санын жок дегенде эки эсеге көбөйтүү көздөлүүдө. Азыр республикада шахматты 200 миңден ашык адам ойнойт.
Которгон: Илгиз Жамалбеков