Казакстанда коронавирус жуктургандардын саны өсүүдө. Өткөн суткада 162 адамдан жугуштуу илдет аныкталды. Дагы 38 адамда коронавирустун белгилери менен пневмония диагнозу коюлган. Саламаттыкты сактоо министрлиги тараткан маалыматка караганда, учурда 1200дөн ашуун казакстандык эпидемияга каршы дарыланып жатат. Алардын ичинен 172 бейтап ооруканада дарыланууда. Белгилей кетсек, учурда дүйнөнүн бир катар өлкөлөрү Ковиддин бешинчи толкуну келгенин жарыялоодо. Буга байланыштуу беткап кийүү режими кайра киргизилип, саламаттыкты сактоо уюмдары калкты коронавируска каршы массалык түрдө вакцина алууга чакырууда.
Которгон: Илгиз Жамалбеков