Президент мамлекеттик кызмат иштери агенттигинин төрагасын кабыл алды

Президент мамлекеттик кызмат иштери агенттигинин төрагасын кабыл алды

Дархан Жазыкбаев Касым-Жомарт Токаевге мамлекеттик кызматка кирүү процессиндеги ашыкча тоскоолдуктарды жоюу жана андан чыгуунун жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, бул жараянды толук санариптештирүү максатында «Электрондук кызмат» системасы модернизацияланган. Анын негизинде ушул жылдын жалган куран айынан баштап жаңы тандоо системасы пилоттук долбоор катары ишке кирет. Өлкө башчыга мамлекеттик аппараттын тармактык кадрларга болгон муктаждыгын эске алуу менен Президенттик жаштар резервине кезектеги тандоо тууралуу маалымат берилди. Касым-Жомарт Токаев мамлекеттик аппараттын сервистик моделин калыптандыруу жана мамлекеттик кызматты мындан ары өркүндөтүү боюнча иштерди системалуу түрдө улантууну тапшырды.

Которгон: Илгиз Жамалбеков