Балдар акысыз саякатташат. «Kids go free» программасынын алкагында 2 жаштан 14 жашка чейинки балдарга Казакстандын эң популярдуу туристтик жайларына баруу үчүн акысыз авиабилеттер берилет. Иштеп чыгуучулар бул программа казакстандыктарды республиканын аймагында эс алууга түрткү берүү максатында иштелип чыккандыгын белгилешет. Анткени, балдар үчүн бекер авиабилеттер орточо казакстандык үй-бүлөлөрдүн бюджетин 30% үнөмдөөгө жардам берет. Мындай аракет менен адистер «Kids go free» программасы ички туризмди өнүктүрүүгө жакшы дем берет деп күтүшүүдө.
Дмитрий Кручинин, тур фирманын менеджери:
Бул программа Алакөл, Балхаш, Бурабай, Байкоңур, Түркестан сыяктуу туристтик аймактардын өнүгүшүнө салым кошот. Менин оюмча, үй-бүлө менен учууга мүмкүнчүлүк болсо жана балдар үчүн билеттер акысыз болсо, анда биздин жарандарга бул абдан кызык болот. Анткени Казакстанда үй-бүлөлөр чоң болгондуктан, эки чоң жана эки бала үчүн билеттердин баасы дагы арзанга турбайт. Эгерде программа ишке кошулса, анда көптөгөн жарандарыбыздын биздин туризм өнүмүнө болгон кызыгуучулугу артат.
Белгилей кетсек, субсидияларды 1+2 схемасы боюнча киргизүү мерчемделүүдө. Башкача айтканда, ар бир ата-энеге эки баладан туура келген, тастыктоочу документ көрсөтүлгөн шартта. Мындан тышкары, «Kids go free» программасы бир баласы бар үй-бүлөлөр үчүн дагы, көп балалуу үй-бүлөлөр үчүн дагы жеткиликтүү. Маалыматка ылайык, мындай тажрыйба дүйнөнүн көптөгөн өнүккөн өлкөлөрүндө Улуу Британияда, Катарда, Скандинавия өлкөлөрүндө жана Таитиде кеңири колдонулат.
Дмитрий Кручинин, тур фирманын менеджери:
Бул бир аз башкача болушу мүмкүн, бирок алар жалпысынан окшош. Башкача айтканда, бул программа иштеп баштаса, анда биз айырмачылыктарды көрүү менен бирге, эл аралык туроператорлор кантип ишке киргизип жаткандыгын жана биздики кандайча ишке киргизилгенин түшүнө алабыз.
Маданият жана спорт министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, учурда аталган программа өлкөнүн Парламентинин Сенатында каралып жатат. Ал туризм ишмердүүлүгү жөнүндө мыйзам долбоору кабыл алынгандан кийин бекитилет.
Которгон: Илгиз Жамалбеков