Казакстанда Каратау аркарларынын саны көбөйдү

Казакстанда Каратау аркарларынын саны көбөйдү

Акыркы каттоонун жыйынтыгы боюнча Сырдарыя-Түркестан жаратылыш паркынын Боралдай филиалында туяктуулардын саны 86га жеткен. Коргоочулар жаныбарлардын коопсуздугун көзөмөлдөп, аларга эң ыңгайлуу шарттарды түзүп келишет. Кышкысын адистер азыктар менен камсыздаса, ал эми жазында туз кесимдерин салып беришет. Белгилей кетсек, фото-капкандарга Каратау аркарларынан тышкары Сибирь эликтери жана күрөң аюулар да түшкөн.

Бакытжан Кырыкбай, «Сырдарыя-Түркестан» мамлекеттик аймактык жаратылыш паркы Боралдай филиалынын мүдүрү:

- 2022-жылкы күзгү санак боюнча жүзгө жакын Каратау аркары бар деп эсептеп жатабыз.  Бугулардын саны да 90дон ашты. Азыр жазда жапайы жаныбарлар туз сурашат. Бул белгилүү жагдай. Ошондуктан бүгүнкү күндө биздин туздуу талааларга жапайы жаныбарларды келип жатканы жакшы көрүнүш.  

Которгон: Илгиз Жамалбеков