Өзбекстанда жаштар технопарктары жигердүү өнүгүп келүүдө

Өзбекстанда жаштар технопарктары жигердүү өнүгүп келүүдө

Өзбекстанда жаштар технопарктар активдүү өнүгүүдө. Алар өлкөнүн 13 аймагында түзүлгөн. Технопарктар жаштарды илимге тартууга, алардын демилгелерин колдоого жана заманбап адистиктерге окутуу системасын өркүндөтүүгө арналган. Андижандагы InnoХ акселератору менен бизнес-инкубатор программасы буга далил. Анын үч сезонунда 82 стартап ишке киргизилген. Технопарк «Tokcha» долбооруна да чоң колдоо болду. Бул - угууга арналган аудиокитептердин кеңири чөйрөсүнө жетүүгө мүмкүндүк берген санарип платформа.

Муродилло Исмаилов, «TOKCHA» долбоорунун автору:

- Биздин долбоорубуздун алгачкы этаптары дал ушул жерде ишке ашырылды. Ийгиликтүү ишке киргизүү аркылуу биз грантка ээ болдук. Ушундан кийин биз өнүмдү рынокко чыгардык. Эми колдонуучулардын пикирлерин талдайбыз жана сунуштарды жакшыртууну улантабыз. Жакында 20 миң доллар инвестиция тартууга мүмкүнчүлүк түзүлдү. Бул каражат электрондук жана аудиокитептер базасын кеңейтүүгө багытталган.

Дагы эки стартап айыл чарбасында колдонулат. Алар фермерлерди жерди жаңы технологиялар менен иштетүүгө жана түшүм жыйноого үйрөтүүгө мүмкүндүк берет. Ошондой эле, фермерлерге жардам катары спутниктик маалыматтар, техникалык карталар, жада калса топурак талдоосу сунушталат.

Бекзодбек Камилов, студент:

- Биз айыл чарба секторунда, транспорт кыймылында жана логистикадагы маселелерди чечүүгө багытталган санариптик чечимди сунуштадык. Жөнөкөй датчиктерден айырмаланып, биздин системалар талдоо үчүн спутниктен алынган сүрөттөрдү колдонот. Алар фермерлерге үрөндү кайда жана качан отургузуу керектиги жөнүндө, атүгүл аба ырайынын болжолуна чейин так маалымат берет. Логистикада биз буга чейин башка өлкөлөрдүн санариптик платформаларын колдондук. Эми өзүбүздүн жеке мониторинг системабыз калыптанып келе жатат. Азыр тогуздун  айында өтүүчү дүйнөлүк биринчиликке катышууга даярданып жатабыз. 500 миң долларга чейин инвестиция тартабыз деп күтүп жатабыз.

Которгон: Илгиз Жамалбеков