Кремлде Казакстан
менен Орусиянын президенттери бейформал жолугушуу өткөрдү. Эске сала кетсек,
Касым-Жомарт Токаев Владимир Путиндин чакыруусу менен Москвага мамлекеттик
сапар менен барды. Мамлекет башчысы өзгөчө сый-урмат үчүн ыраазычылыгын
билдирип, эки өлкөнүн кызматташтыгы стратегиялык өнөктөштүк мүнөздө экенин
белгиледи. Сүйлөшүү учурунда Орусиянын лидери бейформал шартта тараптар үчүн
өзгөчө кызыгууну жараткан бир катар маселелер талкууланарын белгиледи.
Касым-Жомарт Токаев,
Казакстан республикасынын президенти:
- Чынында эле, Орусиянын
борборундагы жылуу мамиле мени аябай таң калтырды жана кубантты. Эки тараптуу
кызматташтык стратегиялык өнөктөштүк, союздаштык мамилелер мүнөзүнө ээ. Бардык
багыттар боюнча биргелешип иш алып баруудабыз. Мамлекеттерибиздин ортосунда эч
кандай көйгөй жок. Маселе жаралган күндүн өзүндө президенттер менен өкмөт
башчыларынын күч-аракети аркасында оң чечимин табат. Сиздин чакырууңузду чыныгы
ыклас менен кабыл алдым.
Владимир Путин, Орусия
федерациясынын президенти:
- Урматтуу Касым-Жомарт
Кемелович, эң алды менен, убакыт таап, макулдашканыбыздай, мамлекеттик сапар
менен келгениңиз үчүн ыраазычылык билдирем. Буга чын жүрөктөн кубанычтамын.
Албетте, биз дайыма байланыштабыз. Бирок мамлекеттер аралык мамилелерде мындай протоколдук
нерселер да маанилүү. Бүгүн бейрасмий жагдайда жолугуп, бардык актуалдуу
маселелер боюнча сүйлөшөбүз. Ал эми эртең кесиптештер менен бирге эки тараптуу
карым-катнаштын күн тартибин карап, келечектүү багыттарга көңүл бурабыз.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

