Президентке суу ташкынынын кесепеттерин жоюу жана калыбына келтирүү иштери боюнча отчёт берилди

Президентке суу ташкынынын кесепеттерин жоюу жана калыбына келтирүү иштери боюнча отчёт берилди

Казакстанда суу ташкынынан жабыркаган 26 миңден ашуун үй-бүлөгө бир жолку төлөм үчүн 10 миллиард теңге бөлүндү. Бул тууралуу Премьер министр президентке отчет берип жатып айтты. Олжас Бектеновдун айтымында, учурда 61 миңден ашуун адам үйлөрүнө кайтты. Баш калкалоочу жайлары талкаланган 239 үй-бүлө жаңы үйлөргө жана батирлерге жайгашышты. Ошондой эле аймактарда 873 жаңы үй курулуп жатат. Бизнес мамлекеттин колдоосунан тышкары калбайт. Селден жабыркаган ишкерлерге келтирилген зыяндын ордун толтуруу механизмдери аныкталып, тиешелүү иштер башталды.


Которгон: Илгиз Жамалбеков