Казакстан
2024-жылдын жыйынтыгы боюнча Евробиримдикке мунай экспорттоочу үч ири өлкөнүн
катарына кирди. Өлкө күнүнө 1 миллион баррелден ашык мунай экспорттоду.
Евростаттын маалыматы боюнча, Казакстан АКШ менен Норвегиядан кийин үчүнчү
орунду ээледи. Эң ири
жеткирүүчүлөрдүн тизмесинде
Ливия, Сауд Арабиясы, Ирак, Нигерия, Бразилия жана Улуу Британия бар. 2024-жылы Казакстан 70
миллион тоннага жакын чийки зат экспорттогон. Ал эми быйыл чет өлкөгө 70,5 миллион тонна
мунай жөнөтүү мерчемделип жатат.
Жалпысынан Казакстан кара алтындын көлөмүн көбөйтүүнү көздөөдө. 2025-жылы
96 миллион тоннадан ашык мунай өндүрүү пландалууда. Бул биринчи кезекте деңиз кен жайындагы кеңейтүү иштерине
байланыштуу.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

