Өзбекстанда «жашыл» энергетика тармагында ири
долбоорлор ишке ашырылууда. Алардын бири өткөн жылы Наманган облусунда аймактын
жылдык жалпы энергия керектөөсүнүн болжол менен 60% барабар болгон кайра жанма
энергия булактарын өндүрүү кубаттуулуктары түзүлдү. Алардын бири - Нарын ГЭС
каскадынын биринчи этабы. Ал ушул эле аталыштагы дарыянын боюнда жайгашкан.
Долбоордун баасы 428 миллион доллардан ашык, ал эми кубаттуулугу 228 мегаватт.
Республикада биринчи жолу жаңы энергетикалык объектиде горизонталдуу капсулалык
гидроагрегаттар киргизилген. Алар суунун басымы аз болгон учурда да жогорку
натыйжалуулукка ээ. Долбоор 450 миңден ашык үй чарбасын «жашыл» энергия менен
камсыз кылууга жөндөмдүү. Бул өлкөгө жыл сайын 290 миллион куб метрге жакын
жаратылыш газын үнөмдөөгө мүмкүндүк берет. Бардыгы болуп алты станция куруу
пландаштырылууда.
Жалолиддин Хушвахтов, адис:
- Долбоор сапаттуу жана кыска мөөнөттө ишке ашырылды, бул убакыт аралыгында
суу кабыл алуучу, суу чыгаруучу курулмалар, ошондой эле агып келүүчү жана агып кетүүчү
каналдар курулду. Жумуштар макулдашылган план боюнча жүргүзүлдү. Курулуш-монтаждоо
иштерине 1200дөн ашуун адис катышты. Ошол эле учурда экинчи жана үчүнчү
ГЭСтерде курулуш-монтаждоо иштери жүрүп жатат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

